Чек арачылар үчүн дагы бир көп кабаттуу үй курулат

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында Мамлекеттик чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүгү үчүн дагы бир көп кабаттуу үй курулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта аталган жайда 20 батирлүү үйдүн ачылыш салтанатында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анда өлкө башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевге жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевге бул аскер бөлүгүнүн жанына аскер кызматчылары үчүн дагы бир турак үй курууну тапшырды.

"Эң мыкты кадрларды Мамлекеттик чек ара кызматына жөнөтүш керек. Тилекке каршы, аскер кызматында кызмат өтөө контракттык негизге толук өтө элек. Бирок, мага билдиришкендей, мурдагы жылдарга салыштырганда кадрларды тандоодо маселелер жокко эсе. Анткени кийинки беш жылда биз чек арачылардын айлыгын бир нече жолу көбөйттүк. Ошондуктан чек арачы болуу ардактуу эле болбостон, мында кызмат кылгандар турак жайлуу болушарын, үзгүлтүксүз айлык жана татыктуу пенсия алышарын биздин жарандар билүүгө тийиш",- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан