Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана мамлекетибиздин элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Путиндин куттуктоо телеграммасы бүгүн, 29-августта президент Атамбаевдин дарегине келип түшкөнүн президенттик аппараттан кабарлашты.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Сиздин жетекчилигиңиз менен өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүүдө, анын эл аралык аброю өсүүдө.
Орусия-кыргыз мамилелери өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүүдө. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу ар кыл чөйрөлөрдө мурдагыдан да тыгыз интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Өз ара пайдалуу кызматташтыкты диверсификациялоо биздин өлкөлөрдүн элдеринин түпкү максаттарына жооп берет, Борбор Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт деп ишенем.
Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми республиканын жарандарына бакубатчылык жана
гүлдөп-өнүгүү каалайм".