Нурсултан Назарбаев: "Кыргыз Республикасы туруктуу жана тездик менен өнүгүп жатат"

Бүгүн, 29-августта президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

“Сизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы - Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы туруктуу жана тездик менен өнүгүп жатат. Буга өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушу күбө болот. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшөт деп ишенем”,- деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Казакстан боордош Кыргыз Республикасы менен ортодогу тең укуктуу, ошондой эле өз ара ишенимге негизделген карым-катнаштарга өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Ушул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана өтө жооптуу кызматыңызда ийгилик, ал эми боордош кыргыз калкына тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”,- деп айтылат Назарбаевдин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан