Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 34-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, парламенттин сессиялары сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталат. Ага ылайык, V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы 1-сентябрда болот. Бул тууралуу 29-августта Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.