Бир катар өлкөлөрдүн президенттери өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана мамлекетибиздин элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты.
Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине куттуктоо телеграммаларын жибергендер: Португалия президенти Анибал Каваку Силва, Болгария Республикасынын Президенти Росен Плевнелиев, Хорватия Республикасынын Президенти Колинда Гарабар-Китарович, Таиланддын падышасы Пхумипон Адульдет, Индонезия Республикасынын Президенти Жоко Видодо, Мексика Кошмо Штаттарынын Президенти Энрике Пенья Ньето, Омандын Султаны Кабус Бен Саид, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Йоахим Гаук, Бельгиянын падышасы Филипп, Швециянын падышасы Карл Густав жана Сингапур президенти Тони Тан Кен Ям.
Өз телеграммаларында мамлекет башчылары президент Алмазбек Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттукташып, Кыргыз Республикасынын элине жыргалчылык, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалашат.