Жогорку Кеңештин депутаты
Абдулатип Режавалиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынганын мекеменин маалымат кызматы 29-августта билдирди.
Маалым болгондой, депутат буга чейин депутаттыктан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. Режавалиевдин ордуна БШК жаңы депутат катары Асылбек Арапбаевди каттоого алды.