Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:
"Урматтуу кыргыз өлкөсүнүн жарандары, кадырман калайык калкым! Бүгүнкү майрамдын ардактуу коноктору!
Сиздерди мамлекетибиздин башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Бир кезде Памир тоолорунан Бай-Көлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу кыргыз каганатынын чачырап кеткен бөлүктөрүнүн бири болгон Ала-Тоо жергесинде 24 жыл мурда кырмызы кызыл туу желбиреп, Кыргыз Республикасы көз жарды. Элибиз нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өттү.
Туура 5 жыл мурда, 2010-жылы өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп Жаратканга жалынганым эсте. Эми 5 жыл өткөндөн кийин, Кудайга рахмат, өлкөбүзгө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Тынчтык менен ынтымактын артынан акырындан өнүгүүгө жол ачылды. “Кыргыз Республикасы мамлекет болбой калды” деп табалаган “көзү ачыктардын” тилеги таш капты. Кыргыз Республикасы тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды.
Жазуучулардын бири айткандай, биз ким элек, ким болдук? 5 жыл мурда өлкө кандай акыбалда эле? Салыштыруу мүмкүн эмес. Дагы 5 жыл өтөр. Ал кезде элибиздин аң-сезими дагы өсөт, Кудай буюрса, өзгөргөн, өрчүгөн, өнүккөн өлкө болобуз. Анткени жергебизде ар бир адамдын кайсы жагынан болбосун өсүшүнө шарт түзүлдү. Кыргыз өлкөсү региондо эң эркин өлкө болуп калды. Эми эң өнүккөн өлкө болушубуз керек.
Кыргыз мамлекети азыркы бир калыпта туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек. “Сабырдын түбү – сары алтын” дегендей, эрикпей кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, жакшыны жакшыга улап, улам өр тартып жүрүп отурганыбыз туура. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтамын: сырттан бирөөлөр бизге ынтымак алып келет, бизди өнүктүрөт, жыргал заманга жеткирет деген – жалган, жаңылыш көз караш. Биз ар кимден суранбай, тиленбей, өз жаныбызды өзүбүз багышыбыз керек, өз мамлекетибизди өзүбүз бекемдешибиз керек. Көч бара-бара түзөлөт. Элибиз, өлкөбүз өткөөл кезеңдин сыноолорунан абийир менен чыкты. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды. Мен биздин өлкөбүздүн кең келечеги бар деп толук ишенем.
Урматтуу мекендештерим! Кадырман калайык калкым!
Элибиз “ырыс алды - ынтымак” деп айтат. Ошондуктан биринчи кезекте өлкө тынчтыгын, элдин ынтымагын бекемдөө милдети турат. Дүйнөдө, ушул эле тегеректе кандай кыйратуучу окуялар болуп жатканын күн сайын көрүп жатасыздар. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер бүлүнүп, жок болуу абалына кептелди.
Мындай жагдайда тынчтык менен ынтымакты туу тутууга милдеттүүбүз. “Үйүндө ыркы жоктун сыртта сыйы жок” дегендей, ич ара ыркыбыз бузулуп турса, бири-бирибиз менен жакалашып турсак, бөлөк-бөтөнгө сөз, душманга таба болобуз.
Кыргыз мамлекети – көп этностуу өлкө. Кыргыз жерин мекендеген бардык этностор бири-бирине боордош, тагдырлаш жана тилектеш. Биз бир элбиз, бир журтпуз, коомдун жүгүн бирге көтөрүшүп, жакшылыктарды да, кыйынчылыктарды да бирге көрүп келебиз. Биздин күчүбүз – биримдикте!
Урматтуу мекендештер!
Азыр дүйнө жүзү тынч эмес. Саясатчылар депутаттык орун талашып, өз ара тытышып жатканда мамлекетибизде тыштан келип жаткан коркунучтар улам өсүүдө. Бизди өткөн Айт күнү чоң кырсыктан Кудай гана сактады. Бирок Жараткан сактанганды сактайт.
"Өлкө мен үчүн эмне жасады?" деп сураба, "Мен өлкө үчүн эмне жасадым?" деп сура" деген сөз бар. Душмандардын чырагына май тамызып, өзүбүз менен өзүбүз тытышып, ынтымагыбыз ыдыраса, түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнсөк, анда кудуреттүү Кыргыз Республикасын кантип курабыз?
Эгерде ар бир жаран элин, өлкөсүн Алыкулдай сүйө билсе, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!” деп, эгерде ар бир жаран Раззаковдой таза болсо, эгерде ар бир жаран мамлекеттен эле талап кылбастан, өзү эл үчүн, жер үчүн талыкпастан эмектенсе, анда мекенибиздин келечеги кең болот. Ушуну унутпасак!
Урматтуу мекендештер!
Жакында парламенттик шайлоо болот. Бул биз үчүн дагы бир чоң сыноо. Жаңы шайлана турган парламентке мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билишкен, өлкөгө жөлөк-тирек боло турган, элине ак кызмат өтөй турган адамдар шайланса экен деп тилеп жатабыз. Анткени бул шайлоо өзгөчө мааниге ээ. Бул шайлоодо Кыргыз Республикасынын келечеги аныкталат. Өлкөбүз, элибиз азыркы жолун улап кетеби же бийликке кайрадан кара күчтөр, уурулар келишеби? Мунун баары ушул шайлоодо чечилет.
Эгерде биз өлкөбүздү мындан ары чыңдайлы десек, анда сөзсүз таза шайлоо өткөрүшүбүз керек. Эгерде шайлоону өткөрүүдө эски кейпибизди кийсек, анда элибиз шайлоонун артынан бөлүнгөн-жарылгандын гана үстүндө болот. Биз буга жол бербешибиз керек! Өкмөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү шайлоонун таза өтүшү үчүн башы менен жооп берүүгө тийиш!
Шайлоо болгон соң, албетте, атаандаштар бири-бирине сын айтышат, бирок популизмге алдырып, аша чаппайлы. Сын айталы, бирок сындырбайлы. Бийлик үчүн элибиздин биримдигине, мамлекетибиздин тагдырына балта чабам деген бузукуларды, канкор кузгундарды ээрчибейли! Алар кимдер экенин элибиз да жакшы билип калды.
Урматуу мекендештерим!
Биз бактылуу элбиз! Ушундай татаал мезгилде, миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер урап жаткан кезде биз жергебизде өзүбүздүн эгемендүү мамлекетибизди куруп жатабыз!
24 жаш – мамлекет үчүн баланын жашы. Эне-ата баласын кандай сүйсө, биз да мамлекетибизди ошондой сүйүшүбүз керек. Жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына кайгырып. Батыраак туруп кеткенине жардам берип.
Бул биздин карегибиздей болгон Ата Мекенибиз! Жападан-жалгыз Ата Мекенибиз! Биз башка жерде, башка элде эч качан бактылуу боло албайбыз!
Мекендештерим менин!
Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун! Майрамыбыз шаңдуу болсун! Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм! Жараткан жолубузду ачып, дайыма колдоп жүрсүн! Бийлик адилеттүү, элибиз ынтымактуу, жерибиз берекелүү болсун!
Жашасын эгемендүү Кыргыз Республикасы!"