Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-августта "Газпром" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, тараптар өлкөнүн газ бөлүштүрүү системин өнүктүрүү, газ тармагындагы объекттерди калыбына келтирүү, аймактарга газ жеткирүү жана магистралдык газ түтүктөрүн куруу боюнча компаниянын ишин талкуулашты.
Миллер магистралдык газ түтүктөрүнүн курулуп бүтүшү менен өлкөнүн түндүк аймагын газ менен камсыздоо эки эсе жогорулай турганын айтат. "График боюнча иштеп жатабыз. Кыргыз өкмөтү менен биргеликте атайын угуу өткөрүүнү, анда кышка даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берүүнү пландап жатабыз. Бардык багыттар боюнча иштер жүрүүдө, быйылкы кыштан былтыркыдай эле ийгиликтүү өтөбүз деп ишенем",- деди Миллер.