Бүгүн, 1-сентябрь - мамлекетибизде автоунаага салык төлөөнүн акыркы күнү. Айдоочулар салыкты кечигип төлөөнүн айынан административдик жоопкерчиликке тартылбашы үчүн транспорт салыгын өз убагында жана толугу менен төлөшү керек.
"Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт, анын ичинде МАИ кызматкерлери менен биргеликте транспорт боюнча, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы",- деп билдирет Мамлекеттик салык кызматы.
Салыкты
өз убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом айып
салынары маалымдалган.