Бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчы
Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары башталат. Анда президент Бээжин шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышат. Ага 30дай мамлекеттин башчылары чакырылган. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Атамбаев иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы
Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат жана бир катар келишимдерге кол коюшат.
Атамбаев 3-сентябрда кыргыз жерине кайтып келип, 4-сентябрь күнү Иран мамлекетине бармакчы.