Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретинде Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 17-июлундагы чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 3-августундагы аныктамасы менен Коркмазов үй камагына чыгарылган эле.
Ал эми Октябрь райондук соту 2015-жылдын 17-июлунда Коркмазов тергөө аяктаганга чейин быйылкы жылдын 15-сентябрына чейин камакта болот деп чечим чыгарган.