Казакстандын Жогорку Соту быйылкы жылдын 2-4-сентябрь күндөрү Астанада жабык типтеги мекемелердеги жашы жете электерге карата зомбулукту болтурбоого арналган Борбордук Азия диалогун өткөрөт. Жогорку Соттон билдиришкендей, 2-3-сентябрда тегерек стол, кеңейтилген эксперттик жолугушуулар, 4-сентябрда "Балдарга карата зомбулукту түп-тамыры менен жоюу жана аларды коргоо боюнча алдынкы тажрыйбаны калыптандыруу маселелери боюнча диалог" деген темада конференция өтөт.
Катышуучулар баланын укуктарын коргоо жана камактагы балдарга карата зомбулукту болтурбоого байланышкан маселелерди талкуулашмакчы.
Иш-чарага Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараев катышары айтылды.