Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын жыйыны өтөт

Бишкекте 3-6-сентябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын онунчу кеңешмеси өтөт. 

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын Жогорку Сотторунун төрагалары, Өзбекстандын Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары, Кытайдын Жогорку элдик сотунун судьясы жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрүнөн турган делегация катышат.

"Кеңешмеде төрт маселе талкууланат, алар: Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сотторунун адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы, ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук иштерди чечүү жөнүндө соттук тажрыйбасы, кээ бир маселелер боюнча укуктук жардам берүү, ошондой эле информациялык технологияны колдонуу",- деп билдирди Жогорку Соттун маалымат кызматы.

Кеңешменин жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагалары биргелешкен билдирүүгө кол коюшары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан