"Быйыл “капиталдык салым” беренесине ылайык, 68 мектеп колдонууга берилет". Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн №2-орто мектептин ачылыш аземинде вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.
Анын айтымында, келечекте жыл сайын 100 мектептен ишке берүү пландалууда. Муну менен катар Диль №2-орто мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттен 8,5 миллион сом кеткенин белгиледи.
“Чын жүрөктөн бардык мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктайм! Көп жыл мурун мен дал ушул мектепти бүтүргөм. №2-мектеп 50 жыл мурда курулган жана акыркы учурда авариялык абалга келип калган. Бүгүнкү күндө бул жерде класстар кеңейтилип, керектүү делген жаңы жабдыктар пайда болду. Эми планда ашкана менен спорттук залды куруу турат”,- деди Диль.
Вице-премьер-министр салтанаттан кийин балдарга ачык сабак өткөрдү. Ал билим алуунун мааниси жөнүндө сөз кылып, окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.