Кыргыз мамлекетинин Кувейттеги элчилиги 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү. ТИМдин билдиришинче, катышуучулар мамлекеттик гимнди ырдашып, өлкөнүн тарыхы, тили, маданияты боюнча оюн-зооктордун күбөсү болушту. Кече Эль-Кувейт шаарында, элчиликтин имаратында өтүп, ага аталган өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, кыргыз жарандары, элчиликтин кызматкерлери жана башкалар катышышты.
Жыйынтыгында майрамдык кечки тамак уюштурулуп, чогулгандар чай үстүндө баарлашты.