Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
Сапар Исаков 2014-жылы негизги иш ордунан 840 000 сом маяна алган. Тапшырган декларациясына таянсак, чиновниктин башка киреше булагы, үйү, автоунаасы жок. Жакындары былтыр 106 298 сом киреше табышса, аларга таандык Лексус RX 450 үлгүсүндөгү автоунаа бар.
Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү
Молдакун Абдылдаев былтыркы кирешесин 881 843 сом деп көрсөттү. Ал 78,9 чарчы метр аянтты ээлеген бир батирге ээ экенин маалымдады.