Ахматбек Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу сот иши кайрадан жылдырылды

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков боюнча соттук процесс бүгүн, 1-сентябрда уланды. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу А.Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу сот ишин жылдырууну суранды. Буга байланыштуу төрагалык кылуучу судья Абдуразак Боронбаев адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып, сот ишин 4-сентябрга жылдырды.

Эскерте кетсек, А.Келдибеков "Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда мамлекетке зыян алып келген" деп айыпталып, ага "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Жакында ага карата козголгон кылмыш иштеринин бири (Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши) кыскарган. Калган иштери боюнча соттук териштирүү уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан