2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда жеке жарандардан киреше салыгы боюнча 10 миллиард сом түшөрү белгиленген. 2015-жылга салыштырмалуу 18,2 пайызга же 1 миллиард 538 миллион сомго көбөйөт.
Каржы министрлигине таянсак, 2016-2018-жылдарга киреше салыгы боюнча орточо маянанын болжолдуу көрсөткүчү 10,4 пайызга, калктын акчалай кирешеси 14,8 пайызга өскөнүнө байланыштуу эсептелди. Эсептөөдө социалдык чөйрөнүн жана мамлекеттик эмес сектордун жумушчуларынын эмгек акысын жогорулатуунун эсебинен киреше салыгынын кошумча суммалары да эске алынганы айтылды.
"Бул салык теңме-тең: республикалык бюджетке 50 пайыз, жергиликтүү бюджеттерге 50 пайыз көлөмүндө чегерилүүгө тийиш",- деп айтылат маалыматта.