Орусиянын учактары Сирияда "Ислам мамлекети" тобуна сокку урушары айтылды

Сирияга киргизилген орусиялык учактар "Ислам мамлекети" тобуна каршы абадан сокку урушат. Бул тууралуу израилдик басылмалардын бири жеке булактарга шилтеме берүү менен жарыялады. 
Анда айтылгандай, орусиялык авиатехникалар азыркы учурда Дамасктын аймагында өкмөт көзөмөлдүк кылган авиабазалардын биринде турушат. Басылмага маалымат берген адам (аты-жөнү аталган эмес) жакын арада Сириядагы орусиялык аскерлердин саны бир нече миңге жетерин айтат. 
Орусиялык айрым басылмалар Сириянын аймагында орусиялык аскерлер (негизинен аскердик кеңешчилер, инструкторлор) чын эле турганын тактап, бирок алардын саны белгисиз экенин жарыялашты. 
Эскерте кетсек, август айынын ортосунда түркиялык маалымат булактары Сирияга орусиялык 6 истребитель (МиГ-31) киргенин жарыялашкан эле. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан