Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 1-сентябрдагы жыйынында “Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору каралды.
Демилгечилердин айтымында, трансформаторлорго, телефондук бөлүштүрүүчү шкафтарга, автоматтык телефон түйүндөрүнө, таксофондук кабиналарга жарнак чаптоого тыюу салынмакчы. Мындай жайларга жарнак чаптоо менен кооптуу жагдайлар түзүлүүдө. "Мисалы, көмөк чордондорго, электр линияларынын таянычтарына чапталган жарнактардан улам алардын бетине жазылган техникалык белгилерди табуу түйшүгү жаралып, кээде тармактын кызматкерлерин ток урган учурлар болууда",- дешти мыйзам долбоорун жактагандар.
Талкууда комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты.