Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү
Башкы прокурор Индира Жолдубаева 26-29-август күндөрү Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 13-жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин 25-жыйынына катышты. Башкы прокуратуранын билдиришинче, жыйындарда кылмыштуулук, коррупция, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Жолдубаева Казакстан, Кытай, Армения, Беларусь, Тажикстан, Монголия жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнү айтылды. Анда аталган уюмдардын алкагында Башкы прокуратуралардын ортосундагы кызматташтыктын эффективдүүлүгүн күчөтүү боюнча талкуу болгон. Мындан тышкары Кыргыз Республикасы менен Монголиянын, Тажикстандын Башкы прокуратураларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумуна кол коюлду.