Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторунун жаңы шайланган судьялары 1-сентябрда ант беришти. Жогорку Соттон билдиришкендей, Свердлов райондук сотунун судьялары Инара Гилязетдинова, Гүлмира Саргалдакова жана Асел Сманалиева, Биринчи Май райондук сотунун судьялары Нурмамат Ботобаев жана Дамира Орозовалар ант беришти.
"Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты. Биринчи Май райондук сотуна 14 судья дайындалды жана райондук соттун курамы толугу менен иштей баштады. Свердлов райондук сотунда судьянын 15 оруну каралган, анын 13ү дайындалды, дагы 2 орун бош турат",- деп айтылат маалыматта.