Таш-Көмүрдө АИ-92 бензинин жана дизель майын өндүрүүчү завод ишке кирди

Таш-Көмүр шаарында аз кубаттуулуктагы мунайды кайра иштетүүчү завод ишке берилди. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, заводдун башчысы Дмитрий Шумилов ишкана жылына 50 миң тонна продукция даярдай турганын билдирүүдө. "Келечекте өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 150 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда. Заводдон АИ-92 бензини жана дизель майынан тышкары гудрон, битум жана крекинг-мазут өндүрүлөт. Азыркы учурда 70 адам ишке орноштурулду, иштин көлөмү көбөйгөн сайын жумушчулардын саны да өсөт",- дейт Шумилов. 
Ишкананын ачылышына катышкан чиновниктер жайгашкан аймагы, өндүргөн продукциясы боюнча заводдун келечеги кенен экенин белгилешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан