Жогорку Кеңештин 2-сентябрдагы жыйыны кворумдун жоктугунан башталбай жатат. Саат 10:20га карата 49 депутат каттоодон өттү. Жыйынды баштоо үчүн 60тан ашык
депутат каттоодон өтүшү керек.15 мүнөттүк танаписте депутат Курманбек Дыйканбаев залда, депутаттардын биринин орунунда "Кыргызстан" партиясынын желеги турганына нааразычылык айтып чыкты. Сынга башка депутаттар да кошулушуп, Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери желекти алып салды.