Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кворум чогулган жок. Саат 10:25ке карата 52 депутат каттоодон өттү. Мындан улам төрага
Асылбек Жээнбеков мыйзамга таянып жыйынды эртеңки күнгө жылдырды.
Айта кетсек, бүгүн саат 9:45ке карата жыйынга 35 гана депутат келип, иш башталбай турган. Андан соң 15 мүнөттүк танапис жарыяланган.