Эл аралык искусство жана маданият ислам фестивалы өлкөбүздүн кол өнөрчүлөрүн Малайзияга чакырды

2015-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Путраджая шаарында (Малайзия) Эл аралык искусство жана маданият ислам фестивалы өтөт. Фестивалдын башкы темасы - Улуу Жибек жолунун жана байыркы Индия, Индонезияга караштуу аралдар тобун жана Чыгыш Африканы Жер Ортолук деңизинин алкагындагы өлкөлөр менен байланыштырган жолдун (Дорога специй) баалуулуктары. Иш-чарада Улуу Жибек жолунун жана аталган жолдун тарыхы, маданияты, цивилизациясы көрсөтүлөт. Бул тематика малайзиялыктардын жана шаар конокторунун зор кызыгуусун жаратары күтүлүүдө. 2014-жылы аталган фестивалга 350 миң адам катышса, телекөрүүчүлөр аудиториясы 1 миллион 400 миңге жеткен. Уюштуруучулар быйыл бул сан андан жогору болот деген ишеничте. 
Фестивалдын компоненттери:
- Улуу Жибек жолундагы ислам мамлекеттеринин артефакттарынын көргөзмөсү;
- Мекке жана Медина Осмон империясынын доорундагы сүрөттөрдө;
- Куран китептеринин жана каллиграфиялар көргөзмөсү;
- Музыкалык жана бий өнөрлөрүн тартуулоо;
- Дизайнерлердин эмгектерин көргөзүү (заманбап мусулман кийими же улуттук кийим);
- Искусство жана кол өнөрчүлүктү демонстрациялоо;
- Ислам китептеринин экспозициясы.
Уюштуруучулар Кыргыз Республикасын аталган фестивалга катышууга чакырды. Өлкөбүздүн улуттук үлгүдө жасалгаланган боз үйүн, кол өнөрчүлүгүн көргөзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары дизайнерлер, музыкалык топтор фестивалга катышууга чакырылышты. 
Суроолор боюнча +603-88877033 телефону аркылуу фестивалдын уюштуруучусу Путраджая корпорациясына, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине (+996 312 66-26-47) Бишкек мэриясына (+996 312 62-61- 71) кайрылсаңыздар болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан