Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда таза суунун тарифин талкуулайт

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 3-сентябрдагы кезексиз сессиясында шаардагы таза суунун тарифи талкууланат. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. 
Жыйында парламенттик шайлоого карата Жалал-Абад шаарынын участкалык комиссиялары менен кошумча талапкерлердин тизмесин макулдашуу, муниципалдык менчиктеги жаңы курулган жөө жүрүүчүлөр өтүүчү асма көпүрөнү жана имаратты оперативдик башкарууга өткөрүп берүү, Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Чанша шаарынын ортосунда достук мамиле түзүү жөнүндө жана башка маселелер каралары айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан