Борбордук шайлоо комиссиясынын августтагы чыгымы 215 миллион сом

Борбордук шайлоо комиссиясынын август айындагы чыгымына республикалык бюджеттен 215 миллион сом бөлүндү. Каржы министрлигинин билдиришинче, берилген акчанын көбү кызматкерлердин маянасына жана товар сатып алууга жумшалды. БШКнын кызматкерлеринин августтагы айлыгына 65,5 миллион сом, товар сатып алууга 86,6 миллион сом, азыркы чарбалык иштерге керектүү материалдарды сатып алууга 26,7 берилген. "Кызматтык иш сапарларга 5,7 миллион сом, байланыш кызматына 5,9 миллион сом, транспорт чыгымдарына 7,3 миллион сом, ижара акысына 6,5 миллион сом кетти",- деп билдирет министрлик. 
 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан