Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын августунда ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгымы 7 миллиард 549 миллион сомду түздү. Каржы министрлигине таянсак, аталган сумманын 1,5 миллиард сому бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына жумшалды.
Калкка социалдык жардам катары 579 миллион сом, байланыш кызматы үчүн акыга 74 миллион сом, медициналык каражаттарды сатып алууга 33,3 миллион сом, кызматтык иш сапарларга 29,4 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 1 миллиард 400 миллион сом берилгени айтылды.
"Имараттар жана курулмалар" беренеси 1,3 миллиард сомго, "машина жана жабдуулар" беренеси 65 миллион сомго каржыланды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.