2016-жылы кошумча нарк салыгынан бюджетке 39 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө. Каржы министрлигинин билдиришинче, салыктан түшүүчү болжолдуу сумма 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 4 миллиард 589 миллион 400 миң сомго же 13,3 пайызга өсөт.
"КНСтин жалпы суммасында түшүүлөрдүн негизги үлүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген продукцияга кошумча нарк салыгына же дээрлик 38 пайызына туура келет. 2016-жылга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген продукцияга КНСтин болжолдуу суммасы 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө карата 73,6 пайызга же 6 миллиард 657 миллион 600 миң сомго өсүү менен 15 миллиард 700 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. 2016-жылга ички продукцияга КНСтин болжолдуу суммасы 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллиард 350 миллион сомго өсүү менен 11 миллиард 850 миллион сом суммасында бааланууда",- деп айтылат маалыматта.