"Вечерний Бишкекте" кожоюн алмашты

Бишкек шаардык сотунун чечими менен "Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун 65 пайыз жана "Рубикон" жарнамалык фирмасынын 100 пайыз акциясынын ээсине айланган Александр Рябушкин бүгүн, 2-сентябрда "Вечерний Бишкек" гезитинин, vb.kg интернет-басылмасынын жана "Рубикондун" жамааты менен жыйын өткөрдү. 
Жыйында Рябушкин "Вечерний Бишкектин" кагаз версиясын өнүктүрүү планы бар экенин билдирди. 
Гезиттин интернет-басылмасынын жамаатына жаңы кожоюн мурункудай эле иштей берүүнү сунуштады. Бирок сайттагы буга чейин Рябушкинди кескин сындаган кабарлар тезинен алмашууда. Ордуна башка, жаңы жетекчинин "маанайын бузбай турган" жаңылыктар коюлуп жатат. Жакында сайттын 30 кызматкеринин 20дайы иштен кетишкен. Мунун өзү сайттын мурункудай маанайда иштей албастыгын билдирет. 
Айта кетсек, Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан, аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан