Кыргыз мамлекетинде жыл аягына чейин 71 социалдык мекеменин курулушун бүтүрүү пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттиги курулуш иштери "капиталдык салымдар" беренеси менен жүрүп жатканын белгиледи.
Сентябрда: 19 мектеп, 1 бала бакча, 1 спорттук комплекс, 1 ден соолукту чыңдоо борбору;
Октябрда: 21 мектеп, 4 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 чарбалык курулуш;
Ноябрда: 10 мектеп, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 2 чарбалык курулуш;
Декабрда: 6 саламаттыкты сактоо мекемеси, 1 үй, 1 маданий мекеме, 1 чарбалык курулушту бүтүрүү пландалып жатканы айтылды.