Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин жыйынына кечээкиден да аз депутат келди

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынына саат 09:45ке карата 30 эле депутат келди. Кворум чогулбагандыгынан төрага Асылбек Жээнбеков 15 мүнөттүк танапис жарыялады.
Айта кетсек, кечээ эртең менен парламенттин жыйынына 35 депутат келип, иш башталган эмес. Танапистен соң да кворум чогулбай, Жогорку Кеңештин жыйыны башталбай жатып үзгүлтүккө учураган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан