Төрага: "Үгүт иштери бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин жалпы отуруму болбойт"

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңеште кворум чогулбай, жыйын үзгүлтүккө учурады. Мындай көрүнүшкө төрага Асылбек Жээнбеков "табигый нерсе" деген баа берди.
"Кечээ да, бүгүн да Жогорку Кеңеште кворум чогулган эмес. Айрым фракциялар келген жок. Шайлоого катыша турган 12 партиянын курамдарында азыркы парламенттен 92 депутат бар. Алар үгүт иштерине даярданып жатышат. Мыйзамга ылайык, парламенттик фракциялар жана комитеттер өз жыйындарын өткөрө алышат. Ал эми үгүт иштери бүткөнгө чейин Жогорку Кеңештин отуруму болбойт",- деди төрага.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан