Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Мелис Мырзакматовду тизмеден чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда БШКнын жыйынында белгилүү болду. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо боюнча маалымат берген БШКнын өкүлү Канат Азиздин айтымында, соттолгондугуна байланыштуу Мырзакматовду тизмеден чыгаруу сунушталган.
"Ата Мекен" партиясынан учурда 187 талапкер бар. Каттоо башталгандан бери партия 13 талапкерди тизмеден чыгарды. Мелис Мырзакматов, конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Сотко кайрылып, андан утса, депутаттыкка талапкер катары катышса болот",- деди БШК өкүлү.
Мырзакматовду талапкерликтен чыгарууга БШКнын 8 мүчөсү "макул", 2 мүчөсү "каршы" деп добуш бергени белгилүү болду.
Буга чейин "Ата Мекен" партиясы Мырзакматовду талапкер катары шайлоого катыштыруу үчүн бардык аракетин жумшай турганын билдирип келген.
Эскерте кетсек, Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга кескен, 17-августта облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. М.Мырзакматов "Ата Мекен" партиясынан талапкерлердин тизмесинде 3-катарда турган эле.