БШК үгүт иштери, талаштарды чечүү жолдору боюнча партия өкүлдөрүнө сабак өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-сентябрда шайлоого катышчу партиялардын өкүлдөрүнө семинар өттү. Анда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, партиялардын каржылык отчётторун берүү тартиби, шайлоо учурундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу ыкмалары тууралуу түшүндүрмө берилгенин мекемеден 3-сентябрда билдиришти. Добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды колдонуу эрежеси көрсөтүлдү. БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов шайлоочулардын тизмесин тактоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгилеп: "Жарандарды өзүңөрдүн партияңарга добуш берүүгө чакырууда сөзсүз түрдө аларга тизмеден өзүн текшерип алуу керектигин айткыла",- деп билдирди. 
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого бир ай убакыт калды. Эртеңден баштап үгүт иштери башталмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан