"Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер ээлеген кызматынан кеткендиги тууралуу буйрукту 5 күндүн ичинде көрсөтүшү керек". Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда маалымат жыйында БШКнын мүчөсү Канатбек Азиз билдирди. Бирок мындай талап Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына коюлган эмес. "Алар ээлеген кызматында калып, өз ишин уланта беришсе болот",- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы 14 саясий партиянын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрдү.