Парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандардын ичинен 234 адамга кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, алардын 53ү боюнча сот чечими жок, 15и атайын каттоодо турат, 3 талапкер издөөдө жүрөт. Министрлик талапкерлердин соттолгон же соттолбогонун текшерүү үчүн БШКдан 14 партиянын тизмеси берилгенин, ар бир партиянын талапкерлери дыкат изилдөөгө алынганын маалымдады. ИИМдин башкы маалыматтык борбору жалпы 2210 адамга карата текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгын БШКга берген.
Эскерте кетсек, эртеңден тарта шайлоого карата үгүт иштери башталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.