Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү өздөштүрүү жакында башталат. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль кытайлык компаниялардын биринин өкүлдөрү менен жолугушууда айтканын 3-сентябрда өкмөттөн билдиришти.
"Кара-Кечеге жылуулук станциясын куруу маселеси көптөн бери талкууланып жаткан, учурда бул долбоорду ишке ашырууга киришип жатабыз. Жакында кенди комплекстүү өздөштүрүү боюнча тендер жарыяланат. Долбоор ЖЭБ, Балыкчы - Кочкор-Ата темир жолун, курулуш материалдарын жана жер семирткич өндүрүүчү завод курууга мүмкүндүк түзүүдө",- дейт Диль.
Өкмөт мүчөсү кен жайгашкан аймактын тургундарын социалдык жактан колдоого алуу зарылдыгын айтат. "Кеп мектеп, бала бакча, оорукана куруу жөнүндө. Жарандарга гуманитардык жардамдарды берүү - долбоордун маанилүү бөлүгү. Долбоор ишке ашса, жумушчулардын көбү жергиликтүү тургундар болушу кажет",- деп кошумчалады вице-премьер.