Өкмөттө биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен шайлоодогу жаңы ыкманы текшерүү учурунда жабдуу иштебей калды

Бүгүн, 3-сентябрдагы маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен шайлоодогу жаңы ыкманы текшерип көрдү. Алгач өзүнүн биометрикалык маалыматы, манжаларынын изи текшерилди. Бюллетень алып, добуш берди. Бир адам эки жолу добуш бере албастыгын текшерүү маалында компьютердик жабдуу өчүп калды. Бир нече мүнөттөн кийин кайра оңдолгон соң экинчи жолу шайлоого мүмкүн эместигин көрсөткөн билдирүү чыкты. 
Бул боюнча өкмөт башчы: "Карап турган көп адамдын сүрү болуш керек, ошого жабдуу иштебей калды. Шайлоо учурунда жабдуулар иштебей, кызматкерлер тарабынан туура эмес колдонулуп калышы мүмкүн",- деди.
Андан соң биринчи вице-премьер жаңы технология менен эки же андан ашык бюллетень тапшырууга мүмкүн эместигин да көрсөтүп берди. Ал бул систем менен биометрикалык база жарандардын добуштарынын уурдалбай тургандыгын, шайлоодогу "карусель" ыкмасын колдонууга жана урнага бюллетендерди тутамдап таштоого тыюу саларын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан