Бишкекте бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун делегация башчылары жолугушуу өткөрүүдө. Жогорку Соттон билдиришкендей, Жамашева ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сабыр Имандосов, Беларустун Жогорку Сотунун төрагасы Валентин Сукало, Тажикстандын Жогорку Сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Казакстандын Жогорку Сотунун төрагасы Кайрат Мами менен сүйлөшүү жүргүздү.
Эртең, 4-сентябрда борбор шаарда уюмга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын 10-кеңешмеси өтөт. Кеңешмеде төрт маселе талкууланат: Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сот органдары менен соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин сотторунун адам сатууга байланыштуу кылмыш иштери боюнча тажрыйбасы, ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо боюнча соттук иштерди чечүү жөнүндө соттук тажрыйбасы, кээ бир маселелер боюнча укуктук жардам берүү, ошондой эле информациялык технологияны колдонуу.