Бишкек жана Ош шаарларындагы ички мигранттар атайын түзүлгөн шайлоо тилкелеринде добуш бере алышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Кабыл алынган токтомго ылайык, шайлоо тилкелери боюнча ички мигранттар, партия өкүлдөрү, милиция кызматкерлери, байкоочулар добуш бере алышат.
Ал үчүн 19-сентябрга чейин керектүү документтерди толтуруп, Бишкектеги (39 атайын тилке түзүлдү) жана Ош шаарында (7 тилке) атайын шайлоо тилкелерине катталуу зарыл. Керектүү документти каалаган аймактык шайлоо комиссияларынан алып толтурууга мүмкүн.
Партия өкүлдөрү, милиция кызматкерлери, байкоочулар шайлоо күнү өздөрү катталган жайда болушпай турганы, алардын добуш берүүсү үчүн ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылды.