Өкмөттүн кышка карата даярдыгы талкууланып жатат

Бүгүн, 3-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өкмөттүн кышка карата даярдыгы боюнча маселе талкууланып жатат. Ага өкмөт башчы Темир Сариев, вице-премьер-министр Валерий Диль жана тиешелүү министрлер катышууда. Сариев жыйын учурунда алдыга коюлган пландарды өз деңгээлинде аткара албаган жетекчилерди сынга алды. "Иштейм" дегенден кийин иштегиле, иштей албасаңар кеткиле",- деди ал. Кышка карата даярдык өз деңээлинде, кечиктирилбестен аткарылуусу керектигин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан