Өкмөт башчы: "Быйыл көмүрдүн сапаты катуу текшерүүгө алынат, мурдагыдай болуп топурак аралашкан көмүрдү алып келип төгүп койбогула"

Көмүрдүн сапаты катуу текшерүүгө алынарын премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн кышка карата даярдыгын талкуулоо боюнча жыйында өкмөт мүчөлөрүнө айтты. Сариев өкмөттүн айрым өкүлдөрүнө жана министрликтердин башчыларына кайрылып, көмүр ташууну азырынча токтотуп турууну тапшырды. 
"Өзүңөр билесиңер, айрым аймактарда көмүрдү азыр ташып келип койсоңор күн ысыкта күйүп кетиши мүмкүн. Бирок Нарын облусунда көмүр ташууну токтотпогула, анткени ал жакка азыр суук түшүп калды, кийин жетишпей каласыңар. Бирок былтыркы жылдардай болуп, топурак аралашкан көмүр болбосун",- деди Сариев.
Ошондой эле ал өлкөнүн түштүк аймактарында кышка карата даярдык кечигип жатканын айтты. 
"Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кышка карата даярдык төмөн. Ошондуктан губернаторлор жана министрлер көмүр сатып алуу боюнча азыртадан тендерлерди өткөрүүсү керек",- деди Сариев.
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Ички иштер, Билим берүү жана илим, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринде таптакыр көмүр жок экенине токтолду. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан