Кыргыз мамлекетинде жаратылыш газы 75 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер сентябрь айында газдын метр кубуна 14 сом 90 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 14 сом 15 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда (1-сентябрга карата доллардын курсун 65 сом 09 тыйын деп алуу менен). Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 18 сом 20 тыйын деп бекитилди. Өткөн айда жаратылыш газы 20 тыйынга арзандаган же 14 сом 35 тыйындан 14 сом 15 тыйынга түшкөн эле.
Белгилей кетсек, өкмөт газдын тарифи жылдын аягына чейин олуттуу өзгөрбөй турганын, бирок доллардын курсуна карата бир аз өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирген.