Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган Кытайдагы парадга катышканы үчүн Япония бийлигинин сынына кабылды. Япониянын Министрлер кабинетинин Башкы катчысы Ёсихидэ Суга: "БУУ нейтралдуу тарап бойдон калышы керек. Тарыхтын кандайдыр бир этаптарына көңүл бурууну курчутууга зарылчылык жок деп эсептейбиз",- деп билдирди.
Япониялык чиновник уюмдун жобосу жарандарды келечекке багыттап, бириктирүүгө милдеттендире турганын, бул жааттан алып караганда Пан Ги Мундун сапары туура эмес экенин айтат.
Белгилей кетсек, 3-сентябрда Пекинде өткөн парадга 12 миңдей аскер кызматкери катышты. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жоокерлери да бар.