Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын ЕАЭБга кирүүсүн, бир катар сунуштарды эске алуу менен түзүлгөнүн белгилейт. Анын айтымында, мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматкер эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана бир катар маанилүү мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен байланышкан кошумча чыгымдар киргизилген.
Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдиргендей, 2016-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 119,7 миллиард сом, жалпы чыгаша 147,2 миллиард сом, тартыштык 27,4 миллиард сом суммасында долбоорлонду.
"Долбоорду талкуулоодо коомдук кеңештердин өкүлдөрү Каржы министрлигине тобокелчиликтерге, бюджеттин чыгашаларын ыңгайлаштырууга, бюджеттин кирешелерин көбөйтүү маселелерине көңүл бурууну сунушташты",- деп билдирет министрлик.