Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 3000-4000 сом болуп жатат

Ош шаарында 1 тонна көмүрдүн баасы 3000-4000 сом болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Ош шаардык мэриясынын өкүлү түз байланышка чыгып айтып берди. "Бул баа көмүрдүн сапатына жараша болууда. Ошондой эле шаарда көмүр сатуучу 15 жай үзгүлтүксүз иштеп жатат",- деди мэриянын өкүлү. 
Андан кийин өкмөт башчы Темир Сариев: "Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев электр энергиясындагы маселелерди чечүү үчүн шаарга 82 миллион сом каражатты ссуда катары сураган. Жакында ал акчаны которобуз",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан