2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда мугалимдердин айлыгын жогорулатууга 6,6 миллиард сом
каралды. Каржы министрлигинин билдиришинче, с
унушталган
мыйзам долбооруна ылайык, 2016-жылга мугалимдердин, мамлекеттик кызматкер эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу
жана бир катар маанилүү мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен
байланышкан кошумча чыгымдар киргизилди. "Мугалимдердин маянасын
жогорулатууга 6,6 миллиард сом, мамлекеттик кызматкер эместердин маянасын көбөйтүүгө 1 миллиард сом, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин эмгек
акысын жогорулатууга 541,2 миллион сом, мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасына 174 миллион сом, чек аранын жанындагы аймактарды өнүктүрүүгө 100 миллион сом, айыл
чарбасын каржылоо боюнча долбоордун алкагында коммерциялык банктардын пайыздык
ченин субсидиялоого 400 миллион сом каралган",- деп билдирет министрлик.