Берлинде кыргыз жериндеги немистердин иши боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү

Берлинде кыргыз жериндеги немистердин иши боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өкмөттөрү аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. Бул тууралуу 3-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жыйында тараптар өлкөлөрдүн өкмөттөрү аралык кызматташтыкка оң баа беришип, кыргыз жериндеги немистерди колдоого болгон аракет өлкөлөр ортосундагы социалдык-экономикалык, маданий кызматташтыкты бекемдөөгө көпүрө болуп берери айтылды. Бишкек, Токмок жана Сокулуктагы улгайган немис улутундагы жарандарга социалдык колдоо көрсөтүүчү станциянын ишин талкуулашты. Германия тарап немистерди жана кыргыз жарандарын колдоого жардам көрсөтүүнү улантарын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан